super.kg logo

Өспүрүм кызды зордуктоого жана өлтүрүүгө шектүүлөрдүн өлүмү боюнча иликтөө башталды

 

8-класстын окуучусун зордуктоого жана өлтүрүүгө шектүүлөрдүн өлүмү боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы №5 тергөө абагында жаткандардын экөө 4-декабрга караган түнү саат 1:50 чамасында ажатканада шейшептерине асынып алган абалда табылган. Биринчи кароо жүргүзүлүп, каза болгондордун денесинен эч кандай залал аныкталган эмес.

“Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды, учурда текшерүү жүргүзүлүүдө. Прокуратура тарабынан бул факты каттоого алынып, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү иштери башталды”, - деди Камолидинов.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган төрт айыпталуучунун үчөө сот иши башталганына байланыштуу Кадамжай райондук сотунун чечими менен 1-декабрда Оштогу №5 тергөө абагына которулган. Ал эми шектүүлөрдүн дагы бири Жалал-Абад облусундагы жашы жете электер кармала турган мекемеге өткөрүлгөн.

Эске салсак, 5-сентябрда Кадамжай районунда мектеп окуучусу өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны алгач зордуктап, кийин кылмышын жашыруу үчүн муунтуп өлтүрүшкөн.

Кыздын сөөгү жолдун астындагы тоннелден табылган. Бул факты боюнча алгач үч шектүү колго түшүрүлсө, андан кийин төртүнчүсү кармалган.

Алар Кадамжайдын Исхак-Полотхан (ред: мурдагы Халмион) айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 26 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары болгон. Төртүнчү шектүү 18 жашка чыга элек болгондуктан Жалал-Абад облусундагы атайын режимдеги объектиге киргизилген.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: