super.kg logo

Таалатбек Масадыков Евробиримдиктин Ооганстан боюнча атайын өкүлү менен жолукту

 

Президенттин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Европа делегациясы менен болгон жолугушууга Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков дагы катышты.

Тараптар Ооганстанда болуп жаткан кырдаалды жана ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу максатында өз ара кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле аймактык чакырыктар боюнча пикир алышуу менен бирге аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

"Таалатбек Масадыков жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Батыштын жана Ооганстандын ичинде жана бүтүндөй аймакта күндөн-күнгө татаалдашып бараткан кырдаалды жөнгө салуу жолдорун тез арада издөөнүн зарылдыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: