super.kg logo

“Баасы 270 миң сом”. Өлкөдө көп функциялуу, өзгөчө трактор жасалууда

 

Өлкөдө көп функциялуу, өзгөчө трактор жасалууда. Бул тууралуу ал техниканы курагандардын бири Дастанбек Абдрахманов Фейсбук баракчасына видеосун бөлүштү.

Абдрахмановдун айтымында, аталган техника көп тармактуу функцияларды аткарат. Анын ичинде 2 чакырым аралыкка суу жеткирүү, малга жем, шакел (кашек) майдалап, отун жарып, кар күрөө функциялары дагы бар.

Биздин трактор кызуу изденүүнүн үстүндө иштелип жатат. Ага дробилкадан тарта генераторго чейин кошуп койсо болот жана 15 кВт ток берет. 22 аттын күчү бар трактордун баасы - 270 миң сом. Бул биздин биринчи проект. Көп жылдардан бери бул тармакта иштеп келебиз. Завод жок. Өз колубуз менен жасап, аракет кылып келе жатабыз”, - деп жазган Дастанбек Абдрахманов.

Белгилей кетсек, өндүрүүчүлөр учурда инвестор издеп жатышат.






05.12.22.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: