super.kg logo

Оштогу тергөө абагында зордуктоого шектүүлөрдүн каза болушу: Башкы прокуратура үн катты

 

Ош шаарындагы №5 тергөө абагында кылмышка шектүүлөрдүн өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

"Өспүрүм кызды зордуктап өлтүрүүгө шектүүлөрдүн ичинен 2 жаран 4-декабрь күнү саат 01:50 чамасында ажатканада шейшепке асынган абалда табылган. Жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзүүдө денелерде кандайдыр бир жаракаттар аныкталган эмес", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда окуя боюнча соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, тиешелүү кызмат адамдарга карата "шалаакылык" беренеси боюнча материалдар реестрге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Эске салсак, ушул жылдын 5-сентябрында Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусу өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны алгач зордуктап, кийин кылмышын жашыруу үчүн муунтуп өлтүрүшкөн.

Кыздын сөөгү жолдун астындагы тоннелден табылган. Бул факты боюнча алгач үч шектүү колго түшүрүлсө, андан кийин төртүнчүсү кармалган.

Алар: Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 26 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары болгон. Төртүнчү шектүү 18 жашка чыга элек болгондуктан Жалал-Абад облусундагы атайын режимдеги объектиге киргизилген.

Кечээ, 4-декабрда кылмышка шектүү 2 жаран тергөө абагында асынган абалда табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: