super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын биргелешкен жыйынына катышты

 

Бүгүн, 5-декабрда төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин биргелешкен жыйынына жана XV пленардык отурумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, биргелешкен жыйынды ЖККУ ПАнын төрагасы, Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери сөз сүйлөштү.

Өз кезегинде Нурланбек Шакиев ЖККУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бул алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн эң маанилүү куралы жана эффективдүү механизми экенин белгиледи.

"Жалпысынан жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын 2021-2025-жылдарга карата жакындаштыруу жана шайкеш келтирүү боюнча иш-аракеттердин программасына ылайык иштелип чыккан ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча моделдик сунуштамалардын жана мыйзам актыларынын долбоорлору каралды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: