Рамзан Кадыровду сындаган чеченстандык блогер Швецияда өлтүрүлдү
Чеченстандын бийлигинин белгилүү сынчысы, блогер Тумсо Абдурахманов Швецияда өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аны 2-декабрь күнү белгисиз адамдар Швециядан атып кетишкен. Калган так маалыматтар жок. Анын бир тууганы полиция тарабынан жашырылды.
Тумсо Абдурахманов чечен бийлигин сындаганы менен белгилүү. 2015-жылы ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жакындары менен жаңжалдашып, Орусиядан чыгып кеткен. Ал Швецияда саясий качкын макамын алган. Чеченстанда Абдурахманов "Ислам мамлекети" менен байланышы бар деп айыпталган. 2020 жана 2021-жылдары Абдурахманов менен анын бир тууганы Мухаммаддын өмүрүнө кол салуу аракеттери жасалган. 2021-жылдын декабрында Тумсо Абдурахманов анын тогуз тууганы Чеченстанда барымтага алынганын билдирген.
