Токмокто жергиликтүү тургунду 10 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды
Токмок шаарында жергиликтүү тургунду 10 миң 600 долларга алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга 68 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал М.М. аттуу жаран 2020-жылдын февраль айында ишенимине кирип, ишканага инвестициялоо шылтоосу менен 10 миң 600 доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алып, изин жашырып кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.