super.kg logo

Дүйнөдөгү эң кооптуу жана белгилүү таш Норвегияда эки жардын ортосунда жайгашкан

 

Дүйнөдөгү эң кооптуу жана белгилүү таш Норвегиянын эң популярдуу Лизерфьорден чокусунда жайгашкан. Аталган таштын аты Кьерагболтен. Ал жерге жыл сайын миңдеген туристтер барып эс алышат.

Норвегиянын тоолорунда көбүнчө катуу шамал болот. Кьерагболтен ташы ушул күнгө чейин кулап кеткен эмес. Миңдеген туристтер бул ташты көрүүгө кызыкдар болуп келишкен. Айрым туристтер ал таштын үстүнө чыгып да көрүшкөн.

Эки жардын ортосунда көпүрө сымал жайгашкан Кьерагболтен ташы дүйнөдөгү эң коркунучтуу таш деп аталат. Бирок туристтер тажрыйба жүргүзүп, ушул күнгө чейин аталган таштын кооптулугун байкашкан эмес жана бир дагы адам ал таштын үстүнөн кулап кеткен эмес.

Кьерагболтен платосу туристтер гана эмес, экстремалдык спортчулар арасында да популярдуу. Жыл сайын эң аз дегенде 2000 секирүүчү жана адреналинди сүйгөндөр чокуга келип бул таштын үстүнөн секиришет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: