super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Өзбек лидери ошондой эле Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров туулган күнү менен жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхында жаркын окуя болуп каларына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчылары Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын ушул жылдын декабрь айында өткөрүүнү макулдашты.

"Эки тарап Бишкекте пландаштырылган иш-чаралар кыргыз-өзбек кызматташтыгын эки мамлекетти бирдей кызыктырган бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө түрткү берип, мамлекеттердин биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдиришти", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: