Ысык-Көлдө миңден ашуун түк чөп өрттөнүп кетти (фото)



Ысык-көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылында миңден ашуун түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жерине Ак-Суу районунун №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылган. Өрт саат 16:55те чектөөгө алынып, 19:41де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы 900 түк чөп, 120 түк саман күйгөн. Такталган маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.