Волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды








Кечээ, 7-декабрда волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке жалпы 21 команда ( 16 эркектер, 5 кыз-келиндер) катышты.
"Эркектер клубдук командалар арасында биринчи орунду “Бүркүт” командасы, “Кыргызстан” командасы экинчи жана “ВВ МВД” командасы үчүнчү орунду ээледи", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми кыз-келиндер арасында биринчи орунду “Дордой” командасы, экинчи “Салам-Алик” жана үчүнчү орунду “Улар” командасы камсыз кылды.
Мелдеш 2-декабрда башталып, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.