super.kg logo
  Спорт  

"Катар-2022": Германия курама командасында жаңжал чыкты

 

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда өзүнүн тайпасынан чыга албай калган Германия улуттук курама командасында жаңжал орун алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, оюнчулар эки лагерге бөлүнүп жайгашышкан, "Бавариянын" оюнчулары өзүнчө, калган футболчулар өзүнчө. Кээ бир оюнчулар башкы машыктыруучу Ханс Фликти "Бавариянын" оюнчуларына өзгөчө мамиле кылганы үчүн айыпташкан.

Түшүнбөстүктөр тайпалык этаптын 1-турунун Япония менен болгон беттешинин алдындагы нааразылык акциясынан башталган. Кээ бир оюнчулар эч кандай саясий акцияларга катышууну каалаган эмес.

Япония менен болгон оюнда Фликтин Илкай Гюндогандын ордуна Горецканы талаага чыгаруу чечимин көптөгөн оюнчулар түшүнгөн жок. Буга Илкай Гюндоган нааразы болгон.

Ошондой эле Марк-Андре тер Штеген менен Кай Хаверц алмашууда болуп калгандарына нааразычылыгын айтышкан. Айрыкча "Барселонанын" дарбазачысы клуб үчүн көрсөткөн оюнуна карабай мүмкүнчүлүк ала албаганы үчүн башкы машыктыруучуга капа болгон.

Катардагы Дүйнө чемпиондугунда Германия 4 упай топтоп, өзүнүн тайпасынан чыга албай үйүнө кайткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: