Англия Дүйнө чемпиондугунда Мбаппени токтотуу үчүн эки жыл ойлонгону белгилүү болду
Гарет Саутгейт жетектеген Англия курама командасынын машыктыруучулар штабы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда франциялык чабуулчу Килиан Мбаппени токтотуу планын иштеп чыгышты.
Independent агенттигинин жазганына караганда, Англия курамасынын машыктыруучулары стратегияны эки жылдан бери даярдашкан. Англиянын машыктыруучулар штабы эң мыкты чечим оюнчуну жекече белгилөө керек деген тыянак чыгарышкан. Тагыраагы, Францияга каршы оюнда Мбаппе ойногон канатка Фил Фоден же Маркус Рэшфорд чыгат.
Катардагы Дүйнө чемпиондугунда Килиан Мбаппе төрт оюнда беш гол киргизип, эки жолу голдук пас чыгарып берген.
Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалындагы Англия-Франция беттеши 11-декабрь күнү саат 01:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.