super.kg logo
  Спорт  

"Катар-2022": Түндүк Корея алгачкы жолу Түштүк Кореянын Бразилиядан жеңилген оюнун көрсөттү

 

Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Түштүк Корея улуттук курамасынын беттешин биринчи жолу көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн борбордук телеканалы 1/8 финалдагы Түштүк Корея менен Бразилиянын курама командаларынын беттешин көрсөткөн. Анда Түштүк Корея Бразилияга 1:4 эсебинде утулган. Бул Түндүк Кореяда Түштүк Кореянын оюнунун алгачкы ирет көрсөтүлүүсү. Түштүк Корея уткан оюндар көрсөтүлгөн эмес.

Түндүк Кореяда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы оюндар түз эфирден 2-3 күн өткөндөн кийин гана көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле Түштүк Корея менен Бразилиянын беттеши алдында Азия курамасынын оюнчуларынын аты-жөнү телеканалда жарыяланган. Бул адаттан тыш көрүнүш, анткени Түндүк Корея телеканалынын саясаты боюнча өлкөдө бир эле түштүк кореялык футболчу катышкан Европа чемпионаттары көрсөтүлбөйт болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: