super.kg logo

"Кытай" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

 

"Кытай" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 8-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө тобу тарабынан 3 жаран кармалган. Алар акча өндүрүү максатында адам уурдап, жабырлануучуга моралдык-психологиялык басым жасап, денесине залал келтиришкен.

Кармалган жарандардын бирөөсү оор кылмыштары үчүн мурда сотолуп чыкканы белгилүү болду. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Шектүү акча өндүрүү үчүн адам уурдоону уюштурган. Ал кылмыш чөйрөсүндө "Кытай" деген каймана ат менен белгилүү. Эч жерде иштебейт.

Жогоруда аталган жарандар ушул жылдын 23-ноябрында Ош шаарынын аймагынан 1988-жылы туулган жергиликтүү тургунду ага таандык болгон Тайота-Камри үлгүсүндөгү унаасында коркутуп, жанындагы 10 миӊ сом акчасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Мындан сырткары ири суммадагы акча талап кылышкан.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Шектүүлөр кечээ, 8-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: