super.kg logo

Ошто контейнерден 32 уюлдук телефонду уурдап кеткенге шектүү кармалды

 

Ош шаарындагы контейнер дүкөндөн уюлдук телефондорду уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 13-ноябрь күнү милицияга дүкөндүн ээси арыз менен кайрылган. Арызында ал түндө белгисиз жарандар анын контейнер-дүкөнүнүн кулпусун бузуп киришип, ар түрдүү үлгүдөгү кымбат баалуу бир нече телефондорун уурдап кеткендигин билдирген.

Арыз Сулайман тоо милиция бөлүмүнө катталып, шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер башталган. Натыйжада аталган бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалган.

"Жалпысынан уурдалган 32 телефондун 22си өз үйүнөн, калган 10 телефон сатыкка койгон жеринен алынды. Шектүү уурулук жасагандан соӊ изин жашырып айылына кеткен. Андан соӊ бир нече күндөн кийин Ош шаарына келип, уурдалган телефондордон он телефонду башка дүкөнгө сатыкка коюп койгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда шектүүнүн үстүнөн уурулук жасагандыгы үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: