super.kg logo

Швецияда өлтүрүлдү делген Тумсо Абдурахмановдун тирүү экени айтылууда

 

Чеченстандын бийлигин сындап келген блогер Тумсо Абдурахманов тирүү жана аны полиция коргоого алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тумсо Абдурахманов учурда тирүү жана Швециянын полиция кызматкери тарабынан кайтарууга алынган. Тумсо Абдурахманов инисин өлтүрүүгө даярдыктар боюнча Мюнхендеги сотко көрсөтмө берүүгө даярданып жатат.

Швеция полициясы бул маалыматты тастыктаган дагы, четке дагы каккан эмес.

2-декабрь күнү белгисиз адамдар Тумсо Абдурахмановду Швециядан атып кетишкени кабарланган.

Тумсо Абдурахманов чечен бийлигин сындаганы менен белгилүү. 2015-жылы ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жакындары менен жаңжалдашып, Орусиядан чыгып кеткен. Ал Швецияда саясий качкын макамын алган. Чеченстанда Абдурахманов "Ислам мамлекети" менен байланышы бар деп айыпталган. 2020 жана 2021-жылдары Абдурахманов менен анын бир тууганы Мухаммаддын өмүрүнө кол салуу аракеттери жасалган. 2021-жылдын декабрында Тумсо Абдурахманов анын тогуз тууганы Чеченстанда барымтага алынганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: