super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан экинчи Airbus H145 тик учагын сатып алды. Аны менен Садыр Жапаров учуп көрдү (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Республикалык бюджеттин эсебинен Германияда сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү.

Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган.

Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.

Airbus H145 тик учагын сыноо учурунда Мамлекет башчысы учурдагы реалдуулук адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Заманбап техника жардам берет жана тез реакция кылууга өбөлгө түзөт.

"Келерки жылы Кыргызстан менен Орусиянын лидерлеринин макулдашуусунун алкагында өлкөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жаңы МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак гранттык негизде келет деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, учурда Коргоо министрлигинин тик учактарын капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Муну менен Кыргызстанда вертолёттук авиация тармагынын өсүүсү уланууда.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-чаралары муну менен эле токтоп калбай, бул багыттагы иштер улантыла турганын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын августунда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылган, анын ичинде төрт жүргүнчү орунга эсептелген Airbus H-125 дагы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: