Москвадагы автобустарда кыргыз тилинде орус армиясына чакыруу жазылган жарнактар алынды
Буга чейин социалдык түйүндөрдө Москвадагы автобустарда өзбек тилинде орус армиясына кошулууга чакырык жазылган сүрөт тараган. Учурда ал жарнактар алынганын Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Москвадагы автобустарга өзбек, кыргыз жана тажик тилдеринде орус армиясына кошулууга чакырган билдирүүлөр Сахарово миграция борборунун жетекчилигинин өтүнүчү менен эки айлык мөөнөткө жайгаштырылган. Учурда алар алынып салынды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда Москвадагы автобустардын биринин ичиндеги сүрөт тараган. Сүрөттө Орусиянын армиясына кошулууга чакырык менен өзбек тилиндеги кулактандыруу экранга чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.