super.kg logo
  Спорт  

"Катар-2022": Чуулгандуу Аргентина-Нидерланды беттешин тейлеген калыс Дүйнө чемпиондугунан кетти

 

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалындагы Нидерланды-Аргентина беттешин тейлеген испаниялык калыс Антонио Матеу Лаос мындан ары Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун оюндарына дайындалбайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, калыс Испанияга кайткан. Ошол эле учурда Нидерланды-Аргентина беттешинде иштеген VAR калыстары Катарда калышат жана Дүйнө чемпиондугунун калган оюндарына дайындоолорду ала алышат.

Эске салсак, Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттешиндеги Нидерланды-Аргентина беттешинде калыс Матеу Лаос бир катар талаштуу чечимдерди кабыл алган. Ал үчүн калысты Нидерландынын да, Аргентинанын да оюнчулары сынга алышкан. Испаниялык калыс Лионель Мессини дагы нааразы кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: