super.kg logo

Бишкектин абасынын булганышынын негизги булактары айтылды

 

Бишкектин абасынын булганышынын негизги булактары болуп борбордогу ТЭЦте, ошондой эле жеке сектордогу катуу отунду колдонуудан бөлүнүп чыккан уулуу заттар болуп саналат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 12-декабрда Жогорку Кеңеште билдирди.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында баяндама жасаган Динара Кутманова Бишкек шаарында сапатсыз отун менен жылытылган 47 жаңы конуштарда 63 миң түтүн үй бар экенин эске салды.

"Ал эми экинчиден, албетте кара түтүндүн 70 пайызын унаалар түзөт. Негизинен эмне үчүн смог пайда болот? Буга абанын начар инверсиясы таасир этүүдө. Башкача айтканда, 10 жыл мурункуга караганда жагымсыз абаны айдап кетчү шарттар жыш турак жайлардын, шаардын түштүк бөлүгүндө аба коридорун бузган үйлөрдүн курулушунан начарлап кеткен. Түтүндүн себептери жакшы белгилүү. Ал эми жеке сектордун салымы да аз эмес", - деди ал.

Кутманова мындан тышкары абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам бере турган чараларга токтолду.

"БУУнун Глазгодогу климаттык конференциясында биз абанын булганышын 44 пайыз кыскартуу боюнча чаралардын пакетин жарыяладык. Тактап айтканда, көмүр отканаларын газга өткөрүү, күйүүчү-майлоочу майлардын сапатын жакшыртуу, жылуулуктун жоготууларын азайтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, ошондой эле жашыл мейкиндиктердин аянтын көбөйтүү сунушталууда", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.12.2022. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бокту жептир эң биринчиден болуп Тец, менен күнү түнү түтөп өчпөгөн таштанды полигону турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: