"Баары жакшы болот". Азиз Мурадиллаев элге жана Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев жалпы элге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Кечээ Азиз Мурадиллаевди жандандыруу бөлүмүнөн көрүп чыктым. Анын жубайы Эльвира жана апасы Анара эже жанында болууда. Азиз өзүнө келип, сүйлөп калды. Элге, президент Садыр Жапаровго жана баарына ыраазычылык билдирди.
Жубайы Эльвира эртеңкиге билет алгысы келген, бирок биринчи кезекте чечилиши керек болгон жагдайлар бар. Алар тууралуу дагы айтып өтөйүн. Азиздин Орозгүл эжеси донор болууну каалаган тууганчылык боюнча төртүнчү муундун өкүлү. Ал Түркияда этикалык комиссиядан өтүш керек. Ал 30-декабрда гана өтөт. Аталган комиссиядан өтпөй туруп трансплантация кылуу мүмкүн эмес. Клиника дагы кабыл албайт. Бүгүн саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүп, Түркиянын саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясын тездетүү мүмкүнбү же жокпу тактайм. Анткени убакыт аз, шашылуу керек. Бирок түрк мыйзамдары ушундай жана ага каршы чыга албайбыз. Баары расмий тараптын иш-аракеттеринен көз каранды болот", - деп жазып калтырган ал.
Оору менен алышып жаткан актёр Мурадиллаев жардам колун сунган бардык жарандарга ыраазычылык билдирип өттү.
"Көп адамдар мен үчүн дуба кылып, колдон келген жардамын берип жатышыптыр. Мен ага миң мертебе рахмат деп айтар элем. Ошондой эле президентке (ред.: Садыр Жапаров), бардык жардам берген адамдарга чоң рахмат айтам. Кудай буюрса, жакшылыкта жолугабыз деп ишенем. Баары жакшы болот", - деген Мурадиллаев.
Азиз Мурадиллаев элге жана Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.