Сокулукта келинчегин өлтүрүүгө шектелип жолдошу кармалды
Чүй облусунун Сокулук районунда келинчегин өлтүрүүгө шектелип жолдошу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, окуя 11-декабрь күнү болгон. Анда Новопавловка айылынын 24 жаштагы С.К. аттуу тургуну аймактык оорукананын травматология бөлүмүнө ар кандай дене жаракаттары менен келип түшкөн. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан ал каза болуп калган.
Аталган факты Сокулук РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары каза болгон келиндин 30 жаштагы жолдошу В.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.