super.kg logo

Бишкекте Гелендвагендин уурдалышы: 27 жаштагы төртүнчү шектүү кармалды (видео)

 

Август айында Бишкектеги май куюучу жайдан Мерседес-Бенц G400 (Гелендваген) унаасын айдай качкан шектүүлөрдүн дагы бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин бул мыйзамсыз иш-аракетке тиешеси бар мурда соттолгон үч адам кармалган. Көп өтпөй уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылган.

"Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бир күн мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар төртүнчү шектүү Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.уулу Ш.ны кармашкан. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу соттолгон", - деп билдиришти ИИМден.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан соң Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, ушул жылдын 4-август күнү милицияга автоунааны мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Анда саат 14:30дар чамасында борбор калаадагы май куюучу жайлардын биринин жанынан кебетеси азиялык болгон белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, К.С. аттуу жаранды бычак менен коркутуп, анын Mercedes Gelandewagen үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алышып, андан ары изин жашырышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.12.2022. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сыяктууларды кармоо учурунда ит аткандай атып салыш керек башкаларга сабак болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: