super.kg logo

Жалал-Абадда прокуратуранын тергөөчүсү, адвокат жана жеке аудитор пара алууга шектелип кармалды

 

Прокуратуранын тергөөчүсү, адвокат жана жеке аудитор пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М., адвокат Т.З. жана жеке аудитор Т.С. кармалды.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, Б.К. аттуу жаранга карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: