super.kg logo
  Спорт  

“Мурас” турниринин чейрек финалына өткөн командалар белгилүү болду

 

Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин тайпалык оюндары өттү.

Белгилүү болгондой, иш-чарага мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда катышты.

Командалар төрт тайпага бөлүнүп, оюн өткөрдү. Биринчи жана экинчи орунга илинген командалар чейрек финалга өттү:

- А тайпасынан “Президенттин командасы” жана “Спорттук федерациялар”;
- В тайпасынан “Жогорку Кеңеш” жана “Достук”;
- С тайпасынан “Элчилер” жана “Спорт жылдыздары”;
- D тайпасынан “Ыйман” жана "Өнөр” командалары.

Эртең, 15-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас” достук турнири өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: