super.kg logo
  Саясат  

"Катализатору жок унаалар шаарды булгап жүрө бериши керекпи?" Атазов министрлерди зекиди

 
Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов Бишкектин абасынын булгануусунун себептеринин бири катализатору жок унаалар экенин белгилеп, канча автоунаа катализатору жок жүргөнүнө кызыкты.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул маселени экология министрлиги карай турганын айтты. Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова учурда муну текшерүүгө укугу жок экенин билдирип, техникалык кароодон өткөрүү нормасы мыйзамдан алып салынганын белгиледи.
Атазов мындан сырткары Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн абаны булгап жатканын айтып, жагылган көмүрдүн сапатынан шек санады. Энергетика министри Таалайбек Ибраев көмүрдү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп ала турганын, абанын булганышында ЖЭБдин үлүшү 10 пайыздай гана болорун белгиледи.





Жогорку Кеңеш 15.12.22

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: