super.kg logo

Ошто сандыктан жансыз денеси табылган келиндин өлүмүнө шектүү кармалды

 

Оштун Кара-Суу районунда төрт баланын энеси өлтүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-декабрь күнү болжол менен саат 13:40 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун тургуну З.А. аттуу жарандын (аял) өзү жашап жаткан үйүнөн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтылган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы З.А. аттуу жаран өзү жашап жаткан үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктын ичине катылып коюлган жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган, анын денесинен алган жаракаттарынын даражасын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошол эле учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Кечээ, 14-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн районунун тургуну 49 жаштагы З.К. аттуу жаран Өзгөн районунун аймагында кармалды.

Алдын ала маалымат боюнча кармалган жаран мурда Казакстанда соттолгон. Ал эми маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашаганы айтылууда.

Кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2022. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо жолдошубу бул дөдөңбай. Же башка бирөөбү? Кыргыздын негизги маалымат булагы болуп жатканда сөзгө маани берип бир сыйра карап, тамгалары калдыбы же жокбу деп анан чыгарсаңар. Силер аркылуу четте жүргөн мигрант балдары үйрөнөбүз дешип окушат. Грамматикалык жактан айрыкча. Ишиңер эл менен байланышта болгондон кийин шашпай кылдаттык менен жазгылачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: