super.kg logo
  Саясат  

Европа: Митингдин өзгөчө түрлөрү (фоторепортаж)

 
Бельгия, 2012-жыл. Сүттүн баасы түшүп кеткенине нааразы болгон фермерлер тракторлору менен Брюсселдеги Европарламенттин алдына нааразычылыкка чыгышкан
Франция, 2013-жыл. Салыктын жогорулашына каршы фермерлер аянтчада саман өрттөшүүдө
Франция, 2013-жыл. Айыл чарба кызматкерлери айлыктарын көтөрүү талабы менен Лион префектурасынын (аймактык административдик бирдик) имаратынын алдына эчкилерди байлашты
Франция, 2009-жыл. Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн баасынын түшүп кетишине нааразы дыйкандар Кольмар шаарынын борбордук бөлүгүнө саман жана үрөн төгүү менен демонстрацияга чыгышкан
Германия, 2013-жыл. Сүт фермаларынын ээлери өкмөттүн агрардык саясатына каршы...
Греция, 2013-жыл. Салыктардын өсүшүнө каршы чыгышкан фермерлер Афины жана Салоники шаарларын байланыштырган трассаны бууп турушат
Бельгия, 2011-жыл. Чочко багуучулар алып сатарлык менен алектенген борбордун эт ташуучулардын санын кыскартуу аракетине каршы чыгышкан
Германия, 2008-жыл. Фермерлер сүттүн баасын кымбаттатуу талабы менен Берлин шаарында. Демонстранттардын колдорунда уйдун моюнуна тагылчу коңгуроонун чоңойтулган үлгүлөрү
Германия, 2009-жыл. Сүт өндүрүүчүлөр Церников шаарынын жанындагы талаага сүт чачышууда. Талабы - сүттүн баасын жогорулатуу
Франция, 2009-жыл. Сүттүн баасынын арзандыгына нааразы жергиликтүү фермерлер Изини-ле-Буа шаарындагы борбордук аянтка сүт төгүшкөн. Иш-чарага фермерлердин үй-бүлөлөрү да катышкан
Бельгия, 2012-жыл. Полиция кызматкери Брюсселде демонстранттардын сүт чачуусунан коргонуп жатат
Бельгия, 2009-жыл. Сүттүн баасынын арзандап кетишине каршы фермерлер өткөргөн акция
Франция, 2013-жыл. Чочко багуучулар бийликтин салык саясатына каршы Лаваль шаарындагы көчөлөргө импорттолгон эттерди ташташкан
Франция, 2010-жыл. Айлыктары азайып кеткен фермерлер тракторлору менен Париждин бир катар көчөлөрүн тосушкан
Франция, 2009-жыл. Баанын түшүп кеткенин мисал кылышып, фермерлер Кольмар шаарынын борбордук аянтына картошка төгүшкөн
Венгрия, 2008-жыл. Баасынын арзандыгын айтышкан фермерлер Будапешттеги дүкөндөрдүн биринин алдына 150 тонна дарбыз төгүп бийликке нааразычылык билдиришүүдө
Франция, 2009-жыл. Сырьёнун арзандыгына нааразы фермерлер Lactalis компаниясынын кеңсесинин алдына малдын суюк кыгын төгүп кетишкен
Франция, 2013-жыл. Фермерлер кошумча нарк салыгынын жогорулашына нааразы болушуп, трассалардын бирин тосушкан
Франция-Бельгиянын чек арасында, 1999-жыл. Бельгиялык фермерлер Францияга жүк жеткирүүгө киргизилген чектөөлөргө каршы жол тосушкан
Румыния, 2012-жыл. Колуна уйдун бутун кармап, кийимине уйгак жабыштырган фермер. Демонстранттар өкмөттөн айыл чарба тармагына ири суммада акчалай жардам көрсөтүүнү талап кылышууда

Ноябрдын аягында айлана-чөйрөнү коргоо тармагында стандарттардын катаалдашы жана салыктардын өсүшүнө каршы Парижде фермерлер митингге чыгышып “блокада” түзүштү. Бир катар трассалар жабык турду. Айта кетсек, европалык фермерлердин демонстрациясы көбүнчө трактор, жаныбарлардын түрлөрү, өздөрү өстүргөн азык-түлүктөр менен коштолот. Муну төмөнкү фотобаян да далилдейт... 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: