Бишкекте Лексус Lx 570 үлгүсүндөгү унааны өрттөөгө шектүү кармалды
Бишкекте Лексус 570 үлгүсүндөгү унааны өрттөөгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 11-декабрында Т.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ошол күнү түнкү саат 03:50 чамасында Учкун кичи районунда Лексус Lx 570 үлгүсүндөгү унааны өрттөп, качып кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты каттоого алынып, "башка адамдардын мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1988-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кармалган.
Бул кылмыш ишинин алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.