"Мен муну канча жолу кыялдандым, ошончолук кааладым". Месси чемпион болгондон кийин билдирүү жасады






Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси чемпион болгондон кийин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.
"Дүйнө чемпиону! Мен муну канча жолу кыялдандым, ошончолук кааладым, дагы деле ишене албай турам. Үй-бүлөмө, мени колдогон баарына, ошондой эле ишенген ар бир адамга терең ыраазычылык билдирем.
Биз, аргентиналыктар баарыбыз биригип күрөшкөндө гана максатыбызга жете аларыбызды дагы бир жолу далилдейбиз. Команданын эмгеги, жеке адамдардан жогору турган, бардык аргентиналыктардын бир кыялы үчүн күрөшкөндөрдүн күчү! Биз муну жасадык!!! Жакында көрүшкөнчө!" - деп жазган Месси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.