Чүйдө үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза болуп, дагы бири жабыркады
Чүйдүн Аламүдүн районунун Восток айылында кечээ, 18-декабрда турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:45те бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 18:50дө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен Б.О. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон.
Маалыматка ылайык, аталган жаран эпилепсия оорусу менен жабыркап келген.
Мындан сырткары, кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы В.О. аттуу эркек киши жабыркаган.
Куткаруучулар жаранды үйүнөн чыгарып, биринчи жардам көрсөтүү менен ооруканага жеткиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.