super.kg logo
  Саясат  

Украинада “революция коменданты” шайланды

 
Украина оппозициясы президент менен премьер-министрдин отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 9-декабрда жазып чыгышты. 
Майданга чогулган элдин алдына 8-декабрда “УДАР” партиясынын лидери Виталий Кличко менен иниси Владимир Кличко келишти. Виталий элдин алдында сөз сүйлөп, бийликке койгон талаптарын дагы бир ирет эскертти. Ал: “Бийлик биздин талаптарды угуусу үчүн бардык аракетибизди көрөбүз. Президент бизди укпагандай түр көрсөтүүдө. Ал эртең жумушуна кире албай калышы да мүмкүн, себеби ал жакта биздин балдар бар”,- деди. 
Ошондой эле “УДАР” партиясынын лидери 30-ноябрда майданга чыккан элди кууган тартип сакчыларын жазалоону, 1-декабрда кармалган акция катышуучуларын камактан чыгарууну, Николай Азаров жетектеген өкмөттүн отставкага кетүүсүн, тез арада президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылды.
Ал ортодо демонстранттар Киевде “революция коменданты” кылып “Батькивщина” партиясынын депутаты Николай Катеринчукту шайлашты. Бул милдетти аркалоого Николай Катеринчук өзү талапкерлигин койгон. Чогулган эл анын талапкерлигин жактырып, бир добуштан кабыл алышты. Катеринчук “бизге Киевдин “революция коменданты” керек. Мен бул кызматтын жоопкерчилигин алууга даярмын” деди өз сөзүндө. Ошондой эле ал “Революция качан гана борбордо жеңишке жеткенде жеңиш болот. Ошондуктан биз Киевдеги ар бир көчөнү, ар бир аймакты көзөмөлгө алышыбыз керек”,- деди.
Учурда Киевдин борборунда акцияга чыккандардын саны 100 миңдин тегерегинде экенин Украинанын ИИМи билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: