super.kg logo

"16 миңдей үй жарыксыз калды". Японияда калыңдыгы 2 метрден ашкан кар жаады

 

Кечээ, 19-декабрда Японияда калыңдыгы 2 метр болгон кар жаады. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү.

Белгиленгендей, өлкөнүн түштүгүндөгү Тохоку аймагындагы Ниигата префектурасында катуу суук болуп, рекорддук кар жааган.

Метеорологдордун маалыматы боюнча жааган кардын бийиктиги Ямагата префектурасынын Окура айылында 2,2 метрге жакын, Ниигата шаарындагы Уонума шаарында 1,8 метрден ашкан.

Бир катар шаарларда күн сайын кардын жаашы боюнча рекорддор жаңыланып жатканы кабарланды.

Калың жааган кардан улам электр зымдары үзгүлтүккө учурап 16 миңдей үй жарыксыз калды. Уюлдук байланыштарда дагы үзгүлтүктөр орун алды.

Өлкөнүн кээ бир аймактарында, 20-декабрда дагы катуу бороон болоору эскертилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: