Лионель Мессинин дүйнө кубогу менен түшкөн сүрөтү инстаграм тарыхында эң популярдуу пост болду
Лионель Мессинин дүйнө кубогу менен түшкөн сүрөтү инстаграм тарыхында эң популярдуу пост болду. Аргентина курамасынын чабуулчусу Катардагы финалдан кийин социалдык баракчасына сүрөт жүктөгөн.
Ага 67 миллиондон ашык колдонуучу лайк басты. Муну менен публикация буга чейинки кадимки жумуртка койгон рекорддон ашып өттү.
2019-жылы жарыяланган жумуртканын сүрөтү 56 миллион 600 миң лайк чогулткан.
Эске салсак, Аргентина курама командасы Францияны утуп, 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтын медалына ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.