super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-ДЕКАБРЬ: Энергетиктердин кесиптик майрамы

 
Бул майрам энергетиктердин жумушу абдан көбөйгөн учурга, жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келет. Майрам 1966-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун указы менен 1920-жылы Бүткүл Орусиялык Кеңештин сегизинчи съездинде Орусияны электрификациялоо мамлекеттик планын кабыл алуу күнүнө карата кабыл алынган. Бул планга ылайык, Орусия боюнча 20 жылуулук электр көмөк чордондорун жана 10 суу көмөк чордондорун куруу каралган. Анын ичинде үчөө Кыргыз өлкөсүнө курулмак, окумуштуулардын көңүлүн биздин жергебиздеги суулардын көрөңгөсү бурган. 1920-жылдан баштап Кыргыз өлкөсүндө көп эмес кубаттуулуктагы Ош ГЭС-1, Аламүдүн ГЭС, бир канча дизелдик электр станциялар курула баштаган.
1930-жылдарда Нарын дарыясынын бассейни изилдене баштаган. Жыйынтыгы абдан жакшы болуп, дарыяга жалпы кубаттуулугу 5,9дан 7,5 ммиллион киловаттка чейин жыл сайын 30дан 52 миллиард кВт/с иштетүү мүмкүнчүлүгү менен 22 каскаддуу ГЭС куруу мүмкүн экендиги аныкталган.
Ал эми Кыргыз мамлекетинде Энергетиктердин күнү Өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген. Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Беларусь, Армения жана Украина белгилейт.
22-декабрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: