Борбор калаада жасалма акчага соода кылган жаран кармалды
Бишкектин Свердлов райондук милициясы тарабынан калаада алдамчылыкка шектүү жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, 17-декабрда милиция кызматына М.С. аттуу тургун кайрылган. Анда ал ошол эле күнү саат 4:00 чамасында Т.Айматов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде алдамчылык жолу менен товарга 500 доллар жасалма акча төлөп, 6800 сом кайтарым акчасын алып, белгисиз тарапка качып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 209-берене (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 35 жаштагы Д.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Милициядан билдиргендей, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.