Боомдо жол кырсыгы катталып, айдоочу көз жумду
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында жол кырсыгы катталып, айдоочу көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирмеге ылайык, кырсык бүгүн, 22-декабрда катталган.
Анда Мерседес-Бенц Спринтер жүк ташуучу унаанын 48 жаштагы айдоочусу В.С.С. чыгыштан батышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун оң жагындагы тосмону сүзүп алган. Анын кесепетинен айдоочу жеринде каза болуп, 51 жаштагы жүргүнчү В.М.Н Кемин шаарынын ооруканасына жеткирилген.
Ошондой эле айдоочу катуу ылдамдыкта бара жатканы кошумчаланды.
Боомдо жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.