super.kg logo
  Спорт  

"Катар-2022": Улуттук курамалар канча акча алганы белгилүү болду

 

Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан бардык командаларга ФИФА жалпы 410 миллион евро бөлгөн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, тайпалык баскычтан эле үйүнө кайткан командалар 8 миллион 500 миң евродон алышат. Алар: Катар, Эквадор, Уэльс, Иран, Мексика, Сауд Арабиясы, Дания, Тунис, Канада, Бельгия, Германия, Коста-Рика, Сербия, Камерун, Гана жана Уругвай.

Болжол менен 12 миллион евро 1/8 финалда турнирден кеткен командаларга берилет. Алар: АКШ, Сенегал, Австралия, Польша, Испания, Япония, Швейцария жана Түштүк Корея.

Чейрек финалдан үйүнө кайткандар 16 миллион евро алышат. Булар: Бразилия, Нидерланды, Португалия, Англия.

Төртүнчү орунду ээлеген Марокко курамасы ФИФАдан дээрлик 23 миллион 500 миң евро, ал эми коло медалга ээ болгон Хорватия 25 миллион 500 миң евро алат.

Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси болгон Франция 28 миллион евро, Дүйнө чемпиону болгон Аргентина 37 миллион 500 миң евро алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: