super.kg logo

Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымы менен аталган жаңы шаар пайда болду

 

Түркмөнстанда курулуп жаткан Ахал аймагынын жаңы административдик борбору Аркадаг деп аталды. Бул ысым республиканын мурдагы президенти,Түркмөнстан Милли Генгеш Межилисинин (парламентинин жогорку палатасынын) башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго арналып аталды. Жаңы шаар Ашхабаддан 30 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Бул тууралуу Түркмөнпортал билдирди.

Тиешелүү токтомду Милли Генгештин Межилиси (төмөнкү палатасы) "Ахал аймагынын жана өлкөнүн башка аймактарынын жашоочуларынын каалоолорун, ошондой эле коомдук уюмдардын сунуштарын эске алуу менен" кабыл алганы кабарланды.

Мындан сырткары Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымы балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна жана Аркадагы борбордук паркындагы Искусство эстелигине ыйгарылды.

Эл аралык жылкы чарба академиясына Аба Аннаевдин (экс-президенттин чоң агасы), ал эми кесиптик педагогикалык окуу жайына Бердымухамед Аннаевдин (экс-президенттин чоң атасы) ысымы ыйгарылган.

Аркадагдын курулушу 2019-жылдын апрель айында башталган. Шаар эки этап менен курулуп жатат, биринчи этабын тапшыруу декабрь айына белгиленген. Пландар боюнча ал акылдуу шаар болушу керек. Бул жерде электр автобустары менен электромобилдердин кыймылы уюштурулуп, күн батареялары жана шамал генераторлору пайда болот. Мында 70 миң адам жашай турганы белгилүү болду.

Аркадаг - Түркмөнстан парламентинин Жогорку палатасынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий эмес наамы. Түркмөн тилинен которгондо "эл таянган, ишенген башчы" дегенди билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: