super.kg logo

Кадамжайда 95 гектар жер мыйзамсыз трансформацияланганы аныкталды

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз (Марказ) айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айрыбаз айыл аймагынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15 токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 га жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ошол эле учурда бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагындагы жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары кайтарып алынды. Алардын ичинде Айрыбаз айыл аймагына кирбеген башка административдик-аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды.

Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: