super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

 
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Тажикстанга барбай турууну сунуштады. Бул тууралуу 22-декабрда аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
"Кыргызстан жарандары үчүн Тажикстанга киргизилген чектөөлөр уланып жаткандыктан министрлик Кыргызстан жарандарына Тажикстанга ар кыл сапарлар менен барууну коё турууну же ал өлкөнү транзит катары колдонуп, сапарга чыкпоону сунуштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселелери боюнча Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жана бул өлкөдөгү элчиликтин ишеним телефонуна төмөнкү телефондор боюнча кайрылууга чакырат:

+996 999 312-002 — Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгы (Бишкек );

+992 887 782-223 — Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги (Душанбе).

Эске салсак, Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын былтыркы жылдын май айында толугу менен жапкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: