Ысык-Көл облусу боюнча 2013-жылдын 11 ай ичинде 396 өрт кырсыгы катталган
Ысык-Көл облусу
боюнча 2013-жылдын 11 айында 396 өрт кырсыгы катталды. 30 миллион сомдук зыян
келтирилген кырсыктан 9 адам каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өрткө каршы
күрөшүү мамлекеттик кызматы 9-декабрда билдирди.
Автор: Темирбек Матаев
Адистердин
айтымында өрт кырсыгынын чыгышына электр жабдыктарын иштетүү эрежесин
сактабагандык, үйлөрдөгү жылытуучу мештерди көзөмөлдөбөө, балдардын от менен
ойноосу жана чылым чеккен соң анын күлүн туш келди ыргытуу себеп болот.
Ысык-Көл
облустук өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, соңку
жылдары облуста өрт кырсыгы жылдан жылга өсүүдө.
2009-жылдан бери 1300 өрт
кырсыгы катталып, 27 адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.