Баткенде жаранды лотерея ойноторун айтып 99 миң сомго алдап кеткен жигит кармалды
Баткен районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Баткен районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну Н.У. 2022-жылдын апрель айында ютубдан лотерея ойноткон жаранга терминалдан 99 миң сом акча которгонун жана бүгүнкү күнгө чейин лотерея ойнотпой, качып жүргөнүн билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында лотерея ойнотом деген жаран Лейлек районунун 23 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал 21-декабрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
anash

23.12.2022. 18:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меникинда кайтарып берсе жакшы болот бул Баткен сила да 6.000минэле сом
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.