super.kg logo

Абактагы адамдан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Опузалап акча талап кылуу фактысына шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка таянсак, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ЖАКтын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан мезгилинде “положенец” деп эсептелген Кыргыз жараны Я.К. кармалды.

"Ал Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, №1-тергөө камак жайына киргизилди. Ал кылмыш жазасын өтөп жаткан чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Я.К. кармоо учурунда жалпы салмагы болжол менен 60 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылган. Буга байланыштуу мындан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге катышуусу бар экендиги аныкталууда.






Опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.12.2022. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цивилизация онуккон сайын жапайычылык азайат, бизде болсо до сих пор болуп атат, бардыгын жестко прессовать этиш керек, Крим авторитет деген болбош керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: