super.kg logo

Индияда 20 жаштагы актриса табышмактуу түрдө каза болду

 

Индиянын Васаи шаарында 20 жаштагы актриса Туниша Шарма табышмактуу түрдө каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматта, актрисанын жансыз денеси актёр Мохаммеда Кхананын гримёркасынан табылган. Ал Васаи шаарында тасмага тартылып жаткан. Анын өзүнүн жанын кыйгандыгы айтылууда. Бирок кесиптештери жана күйөрмандары Туниша мындай кадамга барбай тургандыгын айтышкан. Себеби ал тасмага тартылуу маалында аябай шайыр жүргөн.

Учурда полиция Мохаммеда Кханды жана тасмага тартылып жаткан бардык адамдарды суракка алууда.

Кесиптештери болгон окуяга таң калып жатышат. Анткени Туниша Шарма индиялык кинодо эң таланттуу актрисалардын бири болгон. Ал үчүн чоң үмүттөр бар болчу. Кошумчалай кетсек, актриса 21 жашына 11 гана күн жетпей калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: