"Алтын табыт". Ооруканадагы Пелени акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп баштады (видео)
Интернет айдыңында атактуу футболчу Пелени акыркы сапарга узатуу үчүн даярдык көрүлүп жаткан видео тарады.
Тараган видеодо көрүнгөндөй, бразилиялык футболчунун сүрөтү түшүрүлгөн алтын табыт көрүнөт.
Акыркы маалыматтарга караганда, Пеленин бөйрөк жана жүрөгүнүн иштешинин начарлашынан улам ден соолугу кескин начарлап кеткен. Мурдагы футболчу өткөн жылдан бери ичеги рагы менен күрөшүп келет. Ал операция болгон.
8-декабрда ал ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк Пеленин ичегисинде, боорунда жана өпкөсүндө шишик бар экени белгилүү болгон.
Бирок футбол легендасынын ден соолугунун начарлап баратканы жана анын өлүмү тууралуу расмий маалымат айтылган жок.
Пелени акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп баштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.