super.kg logo

Базар-Коргондо түн ичинде аялдын 300 миң сомун үйүнөн карактап кетишти

 

Базар-Коргондо түн ичинде аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 16-декабрь күнү саат 5:00 чамасында Базар-Коргон шаарынын 30 жаштагы тургуну милицияга телефон чалган. Анда 04:00 чамасында үйүндө 49 жаштагы апасынын бөлмөсүнө беткапчан адамдар кирип, апасынын колдорун жана оозун скотчтоп, 300 000 (үч жүз миӊ) сом акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкенин билдирген.

Аталган маалымат ошол эле күнү каттоого алынып, "каракчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1988-жылы туулган М.Ш., Ноокен районунун 1999-жылы туулган Ж.У. жана С.М. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: