super.kg logo

Бишкекте киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды

 

Свердлов райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынан оор кылмыштын бети ачылганын бүгүн Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында таңкы 04:35те Свердлов райондук күзөт кызматына Бишкек шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Күзөт кызматынын кызматкерлери айтылган дарек боюнча барышканда, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын жанында азиат улутундагы адамдын денеси жатканын көрүшкөн. Ал 1991-жылы туулган Бекназар Асанбек уулу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Териштирүү иштеринде 1990-жылы туулган Руслан Т. менен Бекназар Асанбек уулу үйлөрүнө бара жатканы анык болгон. Алар Славян көчөсүнө келишкенде мамлекеттик номердеги Мерседес үлгүсүндөгү унаанын жанынан 2 адамды жана унаанын салонундагы 30-32 жаштардагы 2 адамды көрүшүп, оозеки уруш чыгып кетет. Мерседес унаасындагы 4 адамдын бири аталган унаанын багажынан атуучу курал алып чыгып, Бекназар Асанбек уулу жана Руслан Тнын унаасы тарапка атат. Жыйынтыгында ок Бекназар Асанбек уулуна тийип, ал окуя болгон жерден каза болгон. Руслан Т. унаасына отуруп кылмышкерлердин артынан кууп, бирок жетпей калган. Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү деп 1980-жылы туулган Рустам А. кармалды. Ошондой эле Рустам А. “Тигр” үлгүсүндөгү куралды өткөрүп берип, ошол куралдан Б.Асанбек уулуна ок атылганы аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: