"Туугандардыкына деле батпайсың". Баткендеги талкаланган үйлөр качан курулуп бүтөрү айтылды
16-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган 400дөн ашуун үйдөн бүгүнкү күнгө карата экөө курулуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында маалым болду.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаевдин айтымында, каргашада жалпы 420 үй жабыркаганы аныкталган (бирөө Баткен шаарында, 315 үй Баткен районунда жана 104ү Лейлек районунда), алардын 416сы боюнча курулуш иштери жүрүүдө.
Эл өкүлү Тазабек Икрамов бүгүнү күнгө карата канча үй толук курулуп бүткөнүнө кызыкты.
Жетибаев октябрь айынан бери 121 үйдүн дубалдары тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып жатканын, 9 үйдүкү жабылып бүткөнүн билдирди.
"Бүгүнкү күндө эки үй курулуп бүтүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Кышкы убакта курулуш иштери жай жүрүп жатат. Үйлөр толугу менен февраль айында бүткөрүлүп калат, жазга чейин. Бир үйдү курууга мамлекет тарабынан 3 миллион 315 миң сом каралган", - деди ал.
Ошондой эле курулуш иштерин "Аманат Курулуш Инвест" ишканасы жүргүзүп жатканын жана Финансы министрлиги 1 миллиард сом бөлүп бергенин кошумчалады.
Мындан сырткары туруктуу жашаган турак жайын таштап чыгып кеткен 3 781 жарандын көпчүлүгү Чүй облусу менен Бишкекте, калганы Баткен шаарында өкмөт уюштуруп берген убактылуу баш калкалоочу жайларда жана туугандарыныкында жашап жатканы айтылды. Алардын ичинен турак үй-жайы толук өрттөнүп, талкаланып калган 678 жаранга үйү курулуп бүткөнчө күн кечирип туруу үчүн атайын эсепке түшкөн каражаттан 200 миң сомдон бөлүнүп берилгени кошумчаланды.
Тазабек Икрамов талкаланган үйлөрдү эртерээк куруп берүү керектигин айтып, азыркы күндө туугандардын үйүндө жашоо деле кыйын экендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде жарактан чыккан бардык үйлөр кыш мезгилине чейин бүтүп, пайдаланууга бериле турганын убада кылышкан болчу.
Жогорку Кеңеш 27.12.22




1 |